Фахреттин Алтун Дохада «Түркия - Катар улут бренди» панелинде сөз сүйлөдү
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын аймакта жана дүйнөдө туруктуулуктун курулушуда чоң милдеттерди аткаргандыгын айтты.
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын аймакта жана дүйнөдө туруктуулуктун курулушуда чоң милдеттерди аткаргандыгын айтты.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда коммуникация башкармалыгы тарабынан 2022 ФИФА дйнөлүк кубогунун негизинде Дохада «Түркия - Катар улут бренди» панели өткөрүлдү.
Панелде катышуучуларга видео билдирүү менен кайрылган Алтун Түркиянын жалпы жыргалчылык үчүн жоопкерчиликти алган саясий позициясынын негизинде аймакта жана дүйнөдө ырааттуулукту орнотууда чоң милдеттерди алганын белгилеп : «Досторубуз менен бирге тынчтыкты колдогон саясий линия менен алдыга жылуудабыз жана эзилгендердин жанындабыз. Бул күчтүү жана чечкиндүү позициянын огунда Түркия бүгүн глобалдык кризистерге каршы позициясын, активдүү аракети менен дипломатиялык, саясий, гуманитардык, аскердик жана экономикалык чечимдери менен урматтуу президентибиздин лидерлигинде брендге айланды.
Түркиянын учурда дүйнө сахнасында болуп жаткан кыйынчылыктардын алдында ортого салган эрки менен бүгүн улуттук продукцияларыбызды өндүрүп жана бул ийгиликтерге бүткүл дүйнөнүн суктануу менен карап жаткандыгын көрүүдөбүз. Байрактар ТБ 2 учкучсуз учуучу аппараты жана куралдуу учкучсуз учуучу аппарат системалары эл аралык террор менен күрөшүүдө тынчтык жана туруктуулуктун түзүлүшүндө миссияларын аткарып, улуттук тик учактарыбызды, деңиз транспортторун, учкучсуз жана автономдуу платформаларыбыз менен бирге улуттук унаабыз TOGG келечектин технологиялык классификациясында Түркияны маанилүү бир орунга алып келүүдө»,- деди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.