Эрдогандын G20дан кийинки баа берүүлөрү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин медиа борборунда маалымат жыйын өткөрдү.

1906843
Эрдогандын G20дан кийинки баа берүүлөрү

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен террордук уюмду колдогондор да төгүлгөн ар бир тамчы канга шерик болуп саналат»,-деди.

Президент Эрдоган Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин медиа борборунда маалымат жыйын өткөрдү.

Стамбулдагы террордук кол салууга байланыштуу президент Эрдоган, ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен террордук уюмга колдоо көрсөткөндөрдүн да төгүлгөн ар бир тамчы канга шерик экенин айтты.

Террор менен күрөшүү темасына токтолгон Эрдоган:«Түркиянын адилеттүү күрөшү үчүн бардык досторубуз жана союздаштарыбыздан чын жүрөктөн колдоо күтөбүз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Түркиянын террор коркунучун булагында жок кылуу стратегиясын чечкиндүү түрдө уланта турганын айтты.

Эрдоган өз сөзүндө: «Алар эмне кылышпасын, кимдин артына жашынбасын, террористтер аларды күтүп турган ачуу тагдырдан кутула алышпайт»,-деп баса белгиледи.

Президент Эрдоган: «Мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, өлкөбүздүн жана аймактын келечегинде терроризмдин эч кандай түрүнө орун жок»,-деди.

Президент Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) F-16 учактырынын жеткирилишине байланыштуу: «Мырза (АКШ президенти Жо) Байден оң жылыштар бар деди»,-деп маалымдады.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) байкоочу мүчө болушуна байланыштуу: «Бул чечимге байланыштуу эч бир жерден, эч бир өлкөдөн уруксат алуубуздун кереги жок, бул иш бүттү»,-деди.

Президент Эрдоган Польшага түшкөн ракеталарга да токтолуп: «Мен Орусиянын билдирүүсүн урматташым керек. Биз үчүн Орусиянын «бул бизге эч кандай тиешеси жок» дегени маанилүү. Байдендин ракеаталардын Орусия чыгарылышы эмес экенин жарыялоосу Орусия менен тиешеси болбогонун көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Эрдоган: «Биз Орусия менен Украинаны бир үстөлдүн тегерегине чогултууга аракет кылып жатканыбызда, бул согуштун үчүнчү өнөктөшүн табуу же кошуунун кереги жок»,-деди.

Президент Эрдоган дан коридору тууралуу буларды айтты: «Биздин сүйлөшүүлөр тынымсыз уланып жатат жана мен ишенем, алар азыр да уланат, эч кандай маселе жок. Биз (Россия президенти Владимир) Путин мырза менен жолугуп, жер семирткич жана аммиак ташууну талкуулайбыз. Мөөнөттү да 1 жылга чейин көбөйтүүгө аракет кылабыз».



Тектеш кабарлар