Эрдоган G-20 Саммитиндеги жолугушууларын баштады
Эрдоган Апурва Кемпинскидеги Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин расмий тосуп алуу аземине катышты.
1906421
Президент Режеп Таййип Эрдоган Индонезиянын Бали аралында өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитиндеги жолугушууларын баштады.
Эрдоган Апурва Кемпинскидеги Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин расмий тосуп алуу аземине катышты.
Саммитке конок болгон Индонезиянын президенти Жоко Видодо жолугушуунун алдында учурашкан президент Эрдоган менен кол алышып, эстелик сүрөткө түшүштү.
Расмий тосуп алуу аземинен кийин лидерлер «Азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук» сессиясына өтүштү.
Президент Эрдоган жыйын боло турган залда лидерлер менен баарлашты.
Эрдоган саммиттин алкагында Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Салман менен жолугушту.
Эки лидер саммит өткөн Апурва Кемпинскиде маалымат каражаттарына жабык түрдө жолугушту.