Стамбулдагы бомбалуу кол салуунун чоо жайы

Түндө кол салуу болгон аймакта иликтөө иштерин жүргүзгөн ички иштер министри Сүлейман Сойлу кол салууну уюштургандардын жикчил террор уюму ПКК/ПЙДга мүчө экенин белгиледи.

1906136
Стамбулдагы бомбалуу кол салуунун чоо жайы

 

Стамбулдун Бейоглу районундагы Таксим Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан 6 киши каза болуп, 81 киши жараланды.

Аймактагы иликтөөлөрдөн кийин билдирүү жасаган вице-президент Фуат Октай жардыруудан 6 кишинин каза болгонун, 2си оор 81 кишинин жараланганын билдирди.

Түндө кол салуу болгон аймакта иликтөө иштерин жүргүзгөн ички иштер министри Сүлейман Сойлу кол салууну уюштургандардын жикчил террор уюму ПКК/ПЙДга мүчө экенин белгилеп:«Бомбаны таштаган адам биздин Стамбул полиция башкармалыгынын топтору тарабынан кармалды. Ага чейин дагы 21ге жакын адам кармалган»,-деди.

Сойлу террордук кол салууну уюштургандар тууралуу да айтып: «Террорчулар кармалды. Биз аларды кармабаганыбызда бүгүн Грецияга контрабандалык жол менен кирип кетишмек»,-деп айтты.

Ички иштер министри Сойлу, кармалган террористке байланыштуу: «Балким террордук уюм буга капа болот, бирок бул кыймылды уюштурган адамды да аны менен бирге кармадык, ал эми «аны өлтүр» деген буйрукту берген кишини да кармадык»,- деди.

Сойлу: «Бизге кандай билдирүү берилгенин абдан жакшы билебиз, алган бул билдирүүбүзгө абдан күчтүү билдирүү менен жооп беребиз»,-деп айтты.

Министр Сойлу айрыкча: «Биз Америка элчилигинин көңүл айтуусун кабыл албайбыз, биз аны четке кагабыз»,-деди.

Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа эсебинен жардыруудан жаракат алган 81 кишинин 55инин айыгып чыкканын, дарылануусу дагы деле оор болгон 26 кишиден 2синин абалы оор экенин жарыялады.

Ошондой эле Стамбулдун губернатору Али Йерликая социалдык тармактагы баракчасында террордук акттан жабыркаган жарандардын абалы менен бөлүшүп:"Ооруканада дарыланган 57 бейтапыбыз айыгып чыкты. 18 бейтап палатада, 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. 2 бейтаптын абалы оор бойдон калууда",-деп айтты.



Тектеш кабарлар