Президент Эрдоган Индонезияга барды

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 15-16-ноябрдагы саммиттин негизги темасы «Бирге калыбына келүү-Күчтүү калыбына келтирүү» болот.

1905889
Президент Эрдоган Индонезияга барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жыйырмалыктын (G20) 17- лидерлер саммитине катышуу үчүн Индонезиянын Бали аралына барды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 15-16-ноябрдагы саммиттин негизги темасы «Бирге калыбына келүү-Күчтүү калыбына келтирүү» болот.

Бул контекстте G20 лидерлери «Азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук», «Ден соолук» жана «Санариптик трансформация» аттуу үч сессияда пикир алмашат.

Президент Эрдоган саммиттин алкагында ар кайсы өлкөнүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрөт.

Эрдоган саммиттин алдында бүгүн Балиде үй ээси Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Жолугушууда Түркия менен Индонезиянын ортосундагы карым-катнаштар каралып, кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.



Тектеш кабарлар