Вице-президент Октайдын Европа Биримдигине каршы чыгуусу

Вице-президент Фуат Октай Евробиримдиктен келген сындарга байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү.

1905809
Вице-президент Октайдын Европа Биримдигине каршы чыгуусу

Вице-президент Фуат Октай: «Европа Биримдигинин (ЕБ) Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) байкоочу мүчө катары кабыл алынышына байланыштуу билдирүүлөрү биз үчүн жараксыз»,-деди.

Октай, Евробиримдиктен келген сындарга байланыштуу социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду:«Европа Биримдигинин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Мамлекеттери Уюмуна байкоочу мүчө катары кабыл алынышына байланыштуу билдирүүлөрү биз үчүн эч кандай таасир этпейт. Түндүк Кипр Түрк Республикасы түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү; дос жана боордош Түрк мамлекеттери менен ар тармакта аралашып бул мамилелерди түзүүсү эң табигый укугу. Түркия, Кипр Түркүнүн жана анын чыныгы өкүлү ТКТРдин жанында болууну улантат».



Тектеш кабарлар