Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышат
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 15-16-ноябрдагы саммиттин негизги темасы «Бирге калыбына келүү-Күчтүү калыбына келтирүү» болот.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бали аралында өтө турган Чоң жыйырмалыктын (G20) 17 - лидерлер саммитине катышат.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 15-16-ноябрдагы саммиттин негизги темасы «Бирге калыбына келүү-Күчтүү калыбына келтирүү» болот.
Бул контекстте G20 лидерлери «Азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук», «Ден соолук» жана «Санариптик трансформация» аттуу үч сессияда пикир алмашат.
Президент Эрдоган саммиттин алкагында ар кайсы өлкөнүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрөт.
Эрдоган саммиттин алдында 14-ноябрь (эртең) дүйшөмбү күнү Балиде үй ээси Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Жолугушууда Түркия менен Индонезиянын ортосундагы карым-катнаштар каралып, кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.