Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Кыргызстанда

Сүлейман Сойлу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга барды. Сойлу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушту.

1903706
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Кыргызстанда
İçişleri Bakanı Soylu Kırgızistanda.jpg

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга барды. Сойлу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушту.

Сүлейман Сойлу министр жана делегациялар аралык жолугушууда Түркиянын  апаат менен күрөшүүдө абдан ийгиликтүү кадамдарды таштаганын жана бирдиктүү апаат башкаруу системасын ишке ашырганын белгиледи.

Ушунун негизинде апаатка байланыштуу  эскертүү системасын ишке ашырышкандарын эске салган Сойлу : «Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы  АФАД өзгөчө мыйзамдар, мекемелер жана эффективдүү чаралар, бейөкмөт уюмдарынын процесске кошулушун камтыган дүйнөдөгү эң маанилүү мекемелердин бири болду»,- деди.

Сойлу ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инвентаризациясындагы Ми-8 МТВ тик учагын тейлөө жана оңдоп - түзөө иштери жана талап кылынган насыялык колдоону камсыздай турган иштерди баштай турганын билдирди.

Министр Ажикеев да Түркия менен 2012 – жылы түзүлгөн кызматташуунун негизинде апаат менен күрөшүү иштерин улантышкандарын жана 2024 -  жыл октябрь айындагы сүйлөшүүнүн натыйжасында Түркиядан келген жардамдардын өлкөдө таасирин көрсөткөндүгүн айтты.

 



Тектеш кабарлар