Эрдоган, Октай, Шентоп Азербайжанды жеңиш майрамы менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Карабахтын кайрадан эркиндигине жетишин белгилеген 8 -  Ноябрь Жеңиш майрамы менен куттуктады.

1903833
Эрдоган, Октай, Шентоп Азербайжанды жеңиш майрамы менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Карабахтын кайрадан эркиндигине жетишин белгилеген 8 -  Ноябрь Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Эрдоган соцтармактан  берген маалыматында : «44 күндүк күрөштөн кийин Карабахтын кайрадан эркиндигине жетишин белгилеген 8 -  Ноябрь  Жеңиш күнүн чын жүрөктөн  куттуктаймын. Карабах Азербайжан жана дайыма Азербайжан бойдон калат»,- деди.

Вице - президент Фуат Октай да соцтармактан берген билдирүүсүндө : «8 - Ноябрь Жан Азербайжандын Жеңиш күнү менен куттуктайм. Карабахты дастан сыяктуу жеңиш менен бошоткон бардык шейиттерибизди эскерип, баатыр ардагерлерибизди терең ыраазычылык менен эскерем. Маңызыбыз бир, урааныбыз бир, эки мамлекет»,- деди.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Жеңиш майрамынан улам Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Сахибе Гафаровага куттуктоо жиберди.

Шентоп куттуктоосунда : «Боордош Азербайжан калкы үчүн сыймык булагы болгон, Түркия башта болгон түрк дүйнөсүн кубанткан жеңиш куттуу жана түбөлүк болсун»,- деди.

«Бир улут, эки мамлекет» урааны менен курулган карым  - катнаштардын дагы бекемделиши тууралуу эркти бардык себеп менен ийгиликтүү турмушка ашыруудан кубанчтуу экендигин белгилеген Шентоп : «Өлкөлөрүбүздүн тыгыз кызматташтыгы жакынкы мезгилде биздин аймакта жана андан тышкаркы мезгилде тынчтыкка, туруктуулукка олуттуу салым кошот деп чын жүрөгүмдөн ишенем. Кайраттуулугу жана баатырдыгы эч качан унутулбай турган шейиттерибизге Жараткан  Алладан ырайым тилеп,  баатыр ардагерлерибизди ыраазычылык менен эскерем»»- деди.  

 



Тектеш кабарлар