"Каплан" танкы Индонезияда таанытылды

«Каплан» МТ Индонезиянын Жакарта шаарында өткөрүлгөн Indo Defence Expo & Forum 2022 жарманкесинде таанытылды.

1902445
"Каплан" танкы Индонезияда таанытылды

Түрк өнөр жайынын танк классындагы биринчи экспорту болгон  FNSS жана Индонезиянын PT Pindad фирмасы тарабынан чыгарылган орто класстагы танк «Каплан» МТ Индонезиянын Жакарта шаарында өткөрүлгөн Indo Defence Expo & Forum 2022 жарманкесинде таанытылды.

Брондолгон кургактык унаа өндүрүүчүсү FNSS компаниясынын Корпоративдик байланыш менеджери Жем Алтынышык Индонезиянын эң чоң коргонуу өнөр жайы фирмасы PT Pindad менен Индонезия армиясы үчүн «Каплан» МТны иштеп чыккандарын айтты.

Биринчи этапта Индонезия армиясынын өзгөчө суроо - талаптарына ылайык 2 прототип танк чыгарылганын жана бул өлкөдө квалификацияланганын белгилеген Алтынышык кийинчерээк массалык өндүрүш келишимине кол коюлганын айтты.

Долбоордун алкагында Индонезиянын кургактык күчтөрүнө 18 танктын жеткирилиши пландалганын белгилеген Алтынышык 10 танктын корпусунун быйылкы жылдын биринчи чейрегинде бүткөрүлүп Индонезияга жөнөтүлгөнүн, калган 8 унаанын корпусун өндүрүү жана танктарга мунараларды  бириктирүүнүн башталганын билдирди.

Жарманкеде «Каплан» МТнын мунара менен бириктирилген абалынын көрсөтүлгөндүгүн айткан Алтынышык танкка Индонезияда «Кабылан» деген мааниге келген «Harimau» деген аттын берилгендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар