Чавушоглунан Орусия, Иран, Панама дипломатиясы
Чавушоглу кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Министрликтин маалыматына караганда, Чавушоглу менен Лавровдун телефондогу сүйлөшүүсүндө дан коридору, Кавказдагы акыркы абалдар жана 3+3 аймактык кызматташтык платформасы (Түркия, Азербайжан, Армения, Орусия, Грузия, Иран) талкууланды.
Чавушоглу ирандык жана панамалык кесиптештери менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык маселелер каралды.
Чавушоглу Панаманын тышкы иштер министри Жанайна Тевани Менкомо менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө болсо бул кызматка жаңы дайындалган кесиптешин куттуктады.
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.