Эрдоган: «TOGG престиждүү түрк бренди катары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жолдорду кооздойт»
Түркиянын TOGG автоунаасынын өндүрүш базасы болгон Бурса Гемлик кампусу кечээ президент Эрдоган тарабынан ачылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «TOGG алдыдагы мезгилде престиждүү түрк бренди катары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жолдорду кооздойт деп үмүттөнөбүз»,-деди.
Түркиянын TOGG автоунаасынын өндүрүш базасы болгон Бурсадагы Гемлик кампусу кечээ президент Эрдоган тарабынан ачылды.
Эрдоган ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө TOGG престиждүү түрк бренди катары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жолдорду кооздой турганын айтып: «Биз массалык өндүрүш линиясынан алып, сиздердин алдыңарга алып келген бул биринчи унаа менен 60 жылдык кыялдын ишке ашканына күбө болуудабыз»,-деп өз баасын берди.
Жарандардын TOGG тууралуу суроолору бар экенин жана булардын эң маанилүүсү болгон аккумулятор жана заряддоо станцияларын ачыктоону каалаганын белгилеген Эрдоган: «Өлкөбүздө TOGG литий-иондук аккумуляторлорун чыгаруу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири менен келишим түздүк. Жакында TOGG заводунун дароо жанындагы 609 миң чарчы метр жерге курула турган аккумулятор заводунун пайдубалын түптөйбүз»,-деди.
TOGG автоунаасы качан жолго чыга турганын түшүндүргөн Эрдоган: «Бүгүн массалык өндүрүш линиясынан чыккан унааларды сыноо жана сертификациялоо процесстери дароо башталат. 2023-жылдын биринчи чейрегинин аягында TOGG автоунааларын жолдорубузда көрөбүз деп үмүттөнөм»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.