Түрк, азербайжандык, пакистандык АКЫНЖЫ операторлору билим алуусун аяктады

Улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган бардык ок  - дарыларды колдоно ала турган АКЫНЖЫга ар кандай ок-дарылардын интеграциялык изилдөөлөрү уланууда.

1896246
Түрк, азербайжандык, пакистандык  АКЫНЖЫ операторлору билим алуусун аяктады
azerbaycan pakistan akinci pilot.jpg
azerbaycan pakistan akinci pilot.jpg
azerbaycan pakistan akinci pilot.jpg

Байкар Макине тарабынан Байрактар АКЫНЖЫ операторлугу боюнча билим берилген түрк, азербайжандык жана пакистандык стажерлор ийгиликтүү аякташты. Байкар тарабынан иштелип чыккан Байрактар АКЫНЖЫ учкучсуз чабуул коючу аба аппараты ТИХАны аянтта колдоно турган командалардын билим алуусу ийгиликтүү улантылууда.

АКЫНЖЫ 6 -  билим берүү мезгилинин негизинде Түркия, Азербайжан жана Пакистан коопсуздук коопсуздук күчтөрүндө Байрактар АКЫНЖЫ ТИХАны колдонуу үчүн; учкуч, жүктөөчү операторлор, механиктер/мотор техниктери, электрондук/жердеги башкаруу станцияларынын операторлору жана курал операторлору болуп иштей турган 110 стажер окуусун ийгиликтүү аяктады.

Байкар башкаруу кеңешинин төрагасы жана технология лидери Селчук Байрактар Текирдагдын Чорлу  районундагы АКЫНЖЫ учуу жана сыноо борборунда уюштурулган бүтүрүү аземинде үч коомдун күчтүү руханий  байланышы менен боордоштугуна  көңүлдөрдү буруп, аткара турган милдеттерде адептүүлүктүн, адилеттүүлүктүн жана туура жолдон тайбоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Азербайжандын элчиси Решад Мамедов курсту биринчи аяктаган азербайжандык студенттерге диплом жана белектерди тапшырды.

Коопсуздук күчтөрүнүн инвентарына кирген күндөн тарта активдүү түрдө операцияларда активдүү колдонулган Байрактар АКЫНЖЫ үчүн ушул кезге чейин 4 өлкө менен экспорт келишимине кол коюлду. АКЫНЖЫга кызыккан бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөр улантылууда.

Улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган бардык ок  - дарыларды колдоно ала турган АКЫНЖЫга ар кандай ок-дарылардын интеграциялык изилдөөлөрү уланууда.

 



Тектеш кабарлар