Лафарж ДЕАШка жардам бергенин моюнга алды

Адилет министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, иш каралган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Лафарж Нью-Йорктун Бруклиндеги федералдык сотунда макулдашууга жетишти.

1894598
Лафарж ДЕАШка жардам бергенин моюнга алды

Француз цемент өндүрүүчүсү Лафарж террор уюму ДЕАШка жардам бергенин мойнуна алды.

Адилет министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, иш каралган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Лафарж Нью-Йорктун Бруклиндеги федералдык сотунда макулдашууга жетишти.

«ДЕАШка жардам берүү» кылмышын мойнуна алган Лафарж 777,78 миллион доллар айып төлөөгө макул болду.

Лафарждан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, "Лафарж жана ага караштуу Лафарж Сирия жеке жетекчилердин иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды. Бул иш-аракеттер Лафарждын жаза кодексинин одоно түрдө бузулушу. Бул окуянын орун алганына абдан өкүнүчтүүбүз",деген билдирүү киргизилген.

2021-жылдын 7-сентябрында Франциянын Жогорку соту Лафаржды Сириядагы ДЕАШ террористтерин каржылаганы үчүн "адамзатка каршы кылмыштарга катышкан" деген айып менен айыптоого жол ачкан.

18-майда Париждин Апелляциялык соту бул айып боюнча француз цемент гигантына каршы тергөөнүн ачылышына макулдук берген.

Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) 2021-жылдын ноябрь айында Дүйнөдө жарык көргөн «Фабрика» аттуу даректүү тасмасында француз мамлекети менен жакын мамиледе болгон Лафарждын жикчил террордук уюм ПКК менен ДЕАШка 10 миллион доллар төлөгөндүгү тууралуу документтер менен ачып берген. 



Тектеш кабарлар