Президент : "Эгейдин куралдандырылышына байланыштуу чараларды көрдүк, баары даяр"

Президент Эрдоган Казакстандагы сапарынан кайтуусунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1892933
Президент : "Эгейдин куралдандырылышына байланыштуу  чараларды көрдүк, баары даяр"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Эгей деңизиндеги кээ бир аралдарды куралдандыруусуна байланыштуу : "Биз  чараларды көрдүк, баары даяр. Кадамдарыбызды ошого жараша таштайбыз",-  деди.

Президент Эрдоган Казакстан сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди. Эрдоган : "Албетте  бул тууралуу эскертүүлөрдү берип жатабыз. Америка менен да бул темага байланыштуу Улуттук коргоо министрлигибиз сүйлөшүүдө. Ал түгүл азыркы учурда НАТОнун коргонуу министрлеринин жыйыны бар. Министрибиз да  жолугушууларда кесиптештери менен бул маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүгүн тапты. Александруполиде же башка аралдарда эмнелер жасалганын көрүп жатабыз. Сактык чараларын көргөндөн кийин бизге булар  эч кандай коркунуч жарата албайт. Чараларыбызды көрдүк, даярдыгыбыз бар. Ошондуктан кадамдарыбызды ушуга жараша таштап жатабыз. Ал ойлонсун",- деди. 

Бул боюнча качан кадам таштала турганы тууралуу суроого Эрдоган : "Бул иштин күнү болбойт. Бир түнү капыстан келишибиз мүмүкүн ал өзүнчө иш.  Тарахый каттоого өтөт. Бирок бул жерде күн айтылбайт. Кайда, эмне болору, качан болору сөз болмок беле?",- деп жооп берди. 
 

 


 

 



Тектеш кабарлар