Эрдоган: «Жаштардын жогорку билим алуусу үчүн мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшоодобуз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборундагы 2022-2023-окуу жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1890920
Эрдоган: «Жаштардын жогорку билим алуусу үчүн мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшоодобуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаштардын жогорку билим алуусун жеңилдетүү үчүн мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялап жаткандарын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборундагы 2022-2023-окуу жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Кызматка киришкенде Түркияны билим, саламаттыкты сактоо, адилеттик жана коопсуздук боюнча курабыз дешкендерин эске салган Эрдоган:«Өлкөбүздүн шарттарына карабай 20 жылдан бери сөзүбүздө турдук. Ушул төрт темадан баштап Түркияны ар бир тармакта такыр башка жерге алып келдик»,- деди.

Түркиядагы университет санын 76дан 209га көбөйткөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Жаштарыбыздын жогорку билим алуусун жеңилдетүү үчүн мамлекетибиздин бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизацияладык», - деди.

Түркияда дүйнөгө үлгү боло турган орто мектептер жана университеттер бар экенин белгилеген президент Эрдоган, кээде университеттерде нааразычылыктарды жараткан Студенттик дисциплина жобосун либертарлык көз караш менен өзгөрткөндөрүн да белгиледи.



Тектеш кабарлар