Пакистандын премьер - министри Шарифтен Түркияга мактоо

Түркия жиберген 50 кайыкка да токтолгон Шариф бул кайыктар менен сел болгон аймактарда жүздөгөн кишинин куткарылгандыгын баса белгиледи.

1888392
Пакистандын премьер - министри Шарифтен Түркияга мактоо

 Пакистандын премьер  - министри Шахбаз Шариф  Түркиянын 2005 – жылдагы жер титирөөдө, 2010 – жылы  акыркы жолу болгон сел апааттарында дайыма Пакистан калкына жардам берүү үчүн алдыга чыккандыгын белгилеп, Анкаранын тилектештигине ыраазычылык билдирди.

Премьер  - министрлик кеңсесинен берилген маалыматка караганда Түркиянын Исламабад элчиси Мехмет Пачажы түрк Кызылайынын жакшылык элчиси Исмаил Хаккы Турунч жана коштоосундагы делегация премьер  - министр Шариф тарабынан кабыл алынды.

Жолугушууда Шариф Түркиянын 2005 – жылдагы жер титирөөдө 2010 -  жылы жана акыркы жолу болгон сел апаатында Пакистан калкына жардам берүү үчүн алдыга чыккандыгын белгилеп Анкаранын тилектештигине мактоолорду айтты.

Шариф селден таасирленгендер үчүн жиберилген жакшылык поезддеринен улам Пакистандын Президент Режеп Таййип Эрдоганга жана түрк калкына ыраазычылык билдиргенин белгиледи.

Түркия жиберген 50 кайыкка да токтолгон Шариф бул кайыктар менен сел болгон аймактарда жүздөгөн кишинин куткарылгандыгын баса белгиледи.

Түрк Кызылайынын жакшылык элчиси Турунч болсо селден улам каза болгондор үчүн көңүл айтып селден жабыр тарткандар үчүн жардам операциясынын уланып жаткандыгын айтты.

Премьер - министр Шариф селден жабыр тарткандарды колдоо үчүн түрк Кызылайына ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар