Эмине Эрдоган Зеленскийдин жубайы менен жолугушту

Зеленска жолдошу Владимир Зеленскийдин Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн жиберген ыраазычылык катын биринчи айым Эмине Эрдоганга тапшырды.

1887454
Эмине Эрдоган Зеленскийдин жубайы менен жолугушту

Биринчи айым Эмине Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Олена Зеленска менен жолугушту.

Эмине Эрдоган Олена Зеленска менен Стамбулдагы Вахдеттин сарайында жолугушту.

Зеленска Украинадагы акыркы окуялар, ошондой эле анын атын алып жүргөн фонддун иши тууралуу маалымат берди.

Зеленска жолдошу Владимир Зеленскийдин Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн жиберген ыраазычылык катын биринчи айым Эмине Эрдоганга тапшырды.

Түркиянын үй-бүлөсү жок 1300 украиналык баланы кабыл алганына канааттангандыгын билдирген Зеленска, өзгөчө муктаждыгы бар 200гө жакын баланын эвакуацияланышына жана Түркияга алып келинишине жардам сурады.

Дан коридору жана Орусиянын туткун алмашуусу президент Эрдогандын күчтүү лидерлиги жана дипломатиялык жөндөмү менен болгонун белгилеген Зеленска айрыкча дан коридорунун дүйнөнү чоң бир азык-түлүк кризисинен куткарганын баса белгиледи.

Согуштан улам саламаттыкты сактоо тармагында өскөн муктаждыктарга көңүл бурган Олена Зеленска, Эмине Эрдогандан тез жардам унаалары жана балдардын инкубаторлор менен камсыздалышы үчүн колдоо сурады.

Эмине Эрдоган Твиттер баракчасында бөлүшкөн маалыматында: «Украина президентинин жубайы, кымбаттуу досум Олена Зеленсканы Стамбулда коноктогонума кубанычтамын. Биз украин элинин, өзгөчө согуштун курмандыгы болгон аялдар менен балдардын жараатын бирге айыктырабыз деп ишенем. Түркия процесстин башында көрсөткөнүндөй эле тынчтыктын камсыздалышы үчүн дипломатиялык аракетин бардык тармакта улантат»,-деп жазды.

 



Тектеш кабарлар