Израилдин ТИМ кызматкерлери Түркияга элчи дайындалышын соцтармактан куттукташты

Израилдин Тышкы иштер министрлигине таандык социалдык медиа эсептеринен видео куттуктоо билдирүүсү бөлүшүлдү

1882631
Израилдин ТИМ кызматкерлери Түркияга элчи дайындалышын соцтармактан куттукташты

 

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Түркияга элчи дайындоо жөнүндөгү чечимди социалдык медиада жарыяланган видео-кабары менен белгилешти.

Израилдин Тышкы иштер министрлигине таандык социалдык медиа эсептеринен, «Сизге билдирүү бар! Жакында Израиль жана Түркия дипломатиялык мамилелердин деңгээлин көтөрүүнү чечишти, ал эми Ырит Лиллианды Израилдин Анкарадагы элчиси кылып дайындоону чечишти»,деген эскертүүсү видео куттуктоо билдирүүсү менен бөлүшүлдү.

Видеодо Израилдин Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери иврит, түрк жана англис тилдеринде Түркияга кабар жөнөтүштү.

Билдирүүдө, «Салам Түркия, Израилден салам!», «Биз Түркия менен мамилелерди чыңдоого абдан кубанып жатабыз»,  «Түркиядан досторубуздун кайта келиши абдан сонун. Сиздерди пляждарда көрүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз. Бизде эмне болсо сиздики», «Стамбулда көрүшөбүз!» жана «Куттуктайбыз Түркия» сөздөрү колдонулган.

Тамырлары Түркияга таянган бир ысрайылдык жаш аял да,  «Чоң атасы Измирде төрөлгөн, тамырлары Түркияда болгон израилдик катары менин жана үй-бүлөмдүн жүрөгүндө Түркиянын орду абдан күчтүү жана абдан терең. Израилден салам. Мен сизди  абдан жакшы көрөм!» -деп айтты.

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин Дайындоо комитети мурунку күнү Анкарадагы элчи милдетин аткаруучу өкүлү Ырит Лиллиандын элчи катары дайындалышына чечим чыгарган.



Тектеш кабарлар