Александр Лукашенко  Россия менен коргонуу аянтын түзүшкөндөрүн билдирди

Беларустун президенти Александр Лукашенко  армиянын айрым бөлүктөрүнө  согуш мезгилиндеги стандарттарга карата даярдыкка өтүү жолдомосун берди.

1882491
Александр Лукашенко  Россия менен коргонуу аянтын түзүшкөндөрүн билдирди

Беларустун президенти Александр Лукашенко  армиянын айрым бөлүктөрүнө  согуш мезгилиндеги стандарттарга карата даярдыкка өтүү жолдомосун берди. 

Александр Лукашенко Мамлекеттик Коопсуздук Кеңешинин секретары Александр Волфович менен сүйлөшүүсүндөгү  сөзүндө Россия менен коргонуу аянтын түзүшкөндөрүн жана негизинен эки өлкөнүн “иш жүзүндө биргелешкен куралдуу күчтөрүн” түзгөндөрүн  айтты.

Беларусь коомунун өзүн кандай коргой тургандыгы, аракеттеринин эмне болорун билиши керектигин белгилеген Лукашенко : "Украинада согушарыбызды айтып бизди айыптоонун кереги жок. Биз мекенибизди коргообуз керек. Россияга карата колдоого келе турган болсок, дагы бир жолу айтам : Беларусь аркылуу орус бөлүктөрүнө каршы аркадан, капталдан жасала турган бир сокку болбошу керек жана болбойт. Бул биздин союздаштыгыбызга каршы милдетибиз",- деди.

Коопсуздук жана аскердик машыгуу тууралуу жөнөкөйлөтүүгө барбоону каалаган Лукашенко : "Абал абдан олуттуу. Коркунучтуу деп да айтууга болот жана эч кандай шартта иштерди жеңилдете албайбыз. Эч нерседен коркуунун кереги жок. Айрым аскердик бөлүктөр согуш мезгилиндеги стандарттарга карата аракетке өтүүбүз керек. Бул керектүү",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар