Түркия Япония жана Түштүк Кореяга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялады.

1882316
Түркия Япония жана Түштүк Кореяга көңүл айтты

Түркия акыркы күндөрдө Япония жана Түштүк Кореяга таасирин тийгизген тайфундун себебинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, Япония менен Корея Республикасындагы тайфундардын өлүмдөргө, жаракат алууларга жана миллиондогон адамдардын үйлөрүн таштап кетүүсүнө себеп болушунун терең кайгыга салганы айтылып: «Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, дос Япония менен Корея Республикасынын өкмөттөрүнө жана алардын элдерине чын жүрөктөн көңүл айтабыз, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Ушул айда таасирдүү болгон тайфундардын айынан эки өлкө тең каза тапкандар катталып, ондогон киши жаракат алды.

Акыркы маалыматтарга караганда Түштүк Кореяда «Хиннамнор» тайфуну себеп болгон селдерден кеминде 10 киши каза тапкан. Японияда таасирдүү болгон «Нанмадол» тайфунунан улам да 2 киши каза болуп, ондогон киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар