Түрк космос саякатчысынын машыгуусу жана учушу үчүн кол коюлду

Бул тууралуу Өнөр жай жана технология министрлигинен берилген маалыматта орун алды.

1881883
Түрк космос саякатчысынын машыгуусу жана учушу үчүн кол коюлду

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркиянын биринчи адамдуу космостук миссиясын аткара турган «космостук жүргүнчүнүн» машыгуусу жана учуу кызматы үчүн Axiom Space менен кызматташа тургандарын билдирди.

Өнөр жай жана технология министрлигинен берилген маалыматка караганда Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн Эл аралык космос конгрессинде Түркиянын биринчи адам башкарган космостук миссиясы үчүн Axiom Space менен ТҮБИТАК космостук технологиялар изилдөө институтунун (UZAY) ортосунда кол коюлду.

Социалдык медиа эсебинде келишимди жарыялаган министр Варанк: «Республикабыздын 100 жылдыгында ишке ашырыла турган биринчи адам башкарган космостук миссия үчүн тарыхый келишимге кол койдук. Тандоо процесси уланып жаткан түрк космос саякатчынын окутуу жана учуу кызматы үчүн Axiom Space менен кызматташабыз. Улуттук космос программасы менен кыялдар сыймыктанууга айланат»,-деп өз баасын берди.

Axiom Space Түркиянын космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана улуттук адам башкарган космос программасын түзүү аракеттеринин алкагында Түркияга окуу жана учуу кызматтарын берет.

Компания түрк космостук саякатчынын гравитациясыз чөйрөдө илимий изилдөө жүргүзүүсүнө да шарт түзөт.



Тектеш кабарлар