Террор менен күрөш уланып жатат, эки террорист багынып берди

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

1881227
Террор менен күрөш уланып жатат, эки террорист багынып берди

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» жана «Чеңгел-Жолборс» операциясы аймактарында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 7 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Террористтер үчүн сөзсүз аяктоо болоору ачык. «Чеңгел-Кулпу» жана «Чеңгел-Жолборс» операциясы аймактарында аныкталган 7 ПКК террористи жок кылынды. Операцияларыбыз тынымсыз уланат»,делди.

Бир тараптан Улуттук чалгындоо уюму (MIT) жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Евфрат аймагы боюнча жооптуусу делген «Рожхат Каракочан» каймана аттуу Мехмет Гүрбүздү Сириянын түндүгүндөгү Айн Исада куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) операциясы менен жок кылды.

Террордук уюмдун жогорку жетекчи жооптууларына карата жүргүзүлгөн операциялардан кийин өч алуу үчүн жооп кайтарылуу ыктымалынын алдын алуу үчүн террордук уюмдун мүчөлөрүнүн изи кубаланды.

Айн Исадагы кампалардан Град ракеталары чыгарылды деген маалыматтын негизинде ок-дары жүктөлгөн жүк ташуучу унаа менен бара жаткан уюм мүчөлөрүнө карата куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен ошол эле күнү экинчи операция жүргүзүлдү.

Бул операцияда «Тынчтык булагы» аймагында коопсуздук күчтөрүнө каршы кыймыл кыла турган 3 террорист таасирсиз кылынды, эки Град ракетасы жана ар кандай ок-дары жок кылынды.

Хаккаринин Йүксекова районунда 2 террорист жок кылынды, 1 террорист кармалды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Йүксековада полициянын атайын операциялары тарабынан курчоого алынган 3 террористтен 2си жок кылынганын маалымдады.

Министр Сойлу качууга аракет кылган 1 террористтин кармалганын белгиледи.

Сойлу мурда социалдык медиа эсебинде Элазыг облустук жандармерия командирлигинин көндүрүүлөрү менен жикчил террордук уюм ПКК/КЖКдан 2 террористтин айыл жергесинде курал-жарактары менен жандармерияга багынып бергенин билдирген.



Тектеш кабарлар