Түркия чындыктарды эл аралык коомго түшүндүрүүнү улантат

Тышкы иштер министрлиги Грециянын Түркияга карата негизсиз айыптоолоруна байланыштуу билдирүү жасады.

1880769
Түркия чындыктарды эл аралык коомго түшүндүрүүнү улантат

Түркия тарыхый окуяларды жалгандар менен бурмалоого аракет кылган Грецияга грек тарыхындагы жана азыркы күнгө байланыштуу кара тактарды эскертүүгө жана чындыктарды эл аралык коомго түшүндүрүүнү уланта тургандыгын жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги Грециянын Түркияга карата негизсиз айыптоолоруна байланыштуу билдирүү жасады.

Министрликтен берилген маалыматта : «Грек мекемелери «Кичи Азия апааты»  деген аттын астында жасалган чындыктан алыс, акылга сыйбаган билдирүүлөрү жана  иш-аракеттери аркылуу Греция армиясынын жүз жыл мурунку авантюрасынын натыйжасында Анадолуну  басып алуусу учурундагы жеңилүүнү жана адамзатка каршы жасаган кылмышын унуттурууга, тарыхый фактыларды бурмалап өзүнүн коомдук пикирин жана эл аралык коомчулукту жалгандар менен жаңылыш багыттоого аракет кылып жаткандыгын көрүп жатабыз»,- деп билдирилди.

Маалыматта : «Анадолуда жарандарга карата ишке ашырган жалпы кыргындардан улам Грециянын Лозанна келишиминин 59 -  беренесинде орун алган «Греция согуш мыйзамдарына карама-каршы келген грек армиясынын же башкаруусунун аракеттеринен келип чыккан зыяндарды калыбына келтирүү милдеттемесин тааныйт. Буга шилтеме кылып, анын адамзатка каршы кылмыштарын мойнуна алганын жана компенсация төлөөгө өкүм кылынганын дагы бир жолу эскертебиз»,- деп билдирилди.

Тарыхтан эч бир сабак албаган Грециянын азыркы күндө да аял  - бала дебестен, алсыз  - күчсүз мигранттрады өлүмгө таштап, адамзатка каршы кылмыш кылууну улантып жаткандыгына бүткүл дүйнөнүн күбө болгондугу баса белгиленген билдирүүдө : «Түркия тарыхый окуяларды жалган менен бурмалоого аракет кылган Грецияны, грек тарыхындагы жана бүгүнкү күндөгү кара тактарды эскертип, эл аралык коомчулукка чындыкты айтууну улантат.  Грецияны дагы бир жолу акыл - эстүүлүккө жана фактыларды бурмалоо аркылуу жек көрүүчүлүктү тутандыруудан баш тартууга дагы бир жолу чакырабыз», - деп айтылды.



Тектеш кабарлар