Түркия-Бельгия саясий кеңешмелери

Кеңешмелерде Бельгия менен эки тараптуу карым-катнаштардын бардык жактарынын кеңири каралышы, ошондой эле Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) алакалары жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашылышы көздөлүүдө.

1879782
Түркия-Бельгия саясий кеңешмелери

Түркия менен Бельгиянын ортосундагы саясий кеңешмелер бүгүн борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Түркия-Бельгия саясий кеңешмелери тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги боюнча төрага элчи Фарук Каймакжы менен Бельгиянын тышкы иштер, тышкы соода жана өнүктүрүү кызматташтыгы министрлигиндеги кесиптеши элчи Йерун Куремандын жетекчилигинде бүгүн Анкарада өткөрүлөт.

Кеңешмелерде Бельгия менен эки тараптуу карым-катнаштардын бардык жактарынын кеңири каралышы, ошондой эле Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) алакалары жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашылышы көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар