Сойлудан Европа жана Грецияга видеолуу реакция
Ички иштер министри Сойлу: «Европа жана Греция, бул кыргындарга силер жооптуусуңар».
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Грециянын артка сүрүүсүнүн натыйжасында кечээ Мугла жээктеринде 6 кишинин жансыз денелери табылган учурлардын видеосун бөлүштү.
Жээк коопсуздук командирлиги тарабынан кечээ Түркия убактысы боюнча саат 00:10до Мармарис Кызылбурунда кайыкта бир канча мыйзамсыз мигранттар бар деген маалымат боюнча эки жээк коопсуздук катери аймакка жөнөтүлдү. 73 мыйзамсыз мигрант куткарылса, 2 ымыркай, 3 бала жана 1 аял болгон 6 мыйзамсыз мигранттын жансыз денелери табылды.
Ички иштер министри Сойлу ал көз ирмемдердин видеосун социалдык медиа баракчасынан бөлүштү. Сойлу бөлүшүүсүндө: «(Европа менен Грециянын) Адамдыгына наалат айтабыз. Бул видеону көрсөткөнүбүз үчүн өкүнүчтүүбүз. Ливандан Италияга өтүүнү каалаган мигранттарга жана бейкүнөө балдарга карата дагы бир грек кыргыны. Асым 9 айлык, Абдулвахап 4 жашта. Европа жана Греция, бул кыргындарга силер жооптуусуңар»,-деп жазды.