Алтундун исламофобия жана түркофобия менен күрөшүү чакырыгы

Фахреттин Алтундун англисче жазган «Türkiye as a Stabilizing Power in an Age of Turmoil (Глобалдык башаламандык доорунда турукташтыруучу күч катары-Түркия)» аттуу китеби АКШ жана Англиядан кийин Азербайжанда басылды.

1879955
Алтундун исламофобия жана түркофобия менен күрөшүү чакырыгы

 

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун эл аралык коомчулукту адамзатка каршы кылмыштарга  исломофобия жана түркофобияга каршы зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Фахреттин Алтундун англисче жазган «Türkiye as a Stabilizing Power in an Age of Turmoil (Глобалдык башаламандык доорунда турукташтыруучу күч катары-Түркия)» аттуу китеби АКШ жана Англиядан кийин Азербайжанда басылды.

Алтун Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөн таанытуу жыйынына видео кайрылуу жолдоду.

«Менин китебим глобалдык система кандайдыр бир баш аламандыкты башынан кечирип жаткан Түркиянын бүгүнкү күндөгү стабилдештирүү жана тартипти орнотуучу ролун ачып берет»,-деген Алтун, Түркиянын кызыкчылыктары менен адамзаттын кызыкчылыктары толугу менен дал келгенин, ошондуктан алар ар дайым жана бардык жерде тынчтыкты, адилеттикти жана эл аралык укукту жактай турганын айтты.

1930-жылдары Батышта жөөттөрдү бутага алган жек көрүүнүн бир түрү бүгүнкү күндө мусулмандарга жана өзгөчө түрктөргө багытталганын баса белгилеген Алтун:

«Бул жагынан алганда антисемитизмди адамзатка каршы кылмыш катары көргөн сыяктуу, исламофобия, мусулмандарга каршы, түркофобия жана түрккө каршы кылмыштарды да адамзатка каршы кылмыш катары көрүп, эл аралык коомчулуктун тез арада керектүү чараларды көрүшүн талап кылабыз. Бул маселени күн тартибинде кармап туруу жана эл аралык коомчулукта бул маселе боюнча маалымдуулукту арттыруу үчүн аракеттерибизди чечкиндүү түрдө улантып жатабыз»,-деди.

Түркиянын акыркы 20 жылда глобалдык системада ойногон стабилдештирүү ролу жана туш болгон кыйынчылыктар талданган китепте президент Режеп Таййип Эрдогандын тышкы саясат көз карашынын негизги параметрлери да ортого салынган.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтундун китеби келерки айда Түркияда түрк тилинде жарык көрөт.



Тектеш кабарлар