Эрдоган социалдык турак-жай долбоорунун бет ачарын жасады

Президент Эрдоган Түркияны ар тармакта болгондой турак-жай өндүрүшүндө да кылымдарды карыткан кызматтар, чыгармалар жана долбоорлор менен өркүндөткөндөрүн айтты.

1879477
Эрдоган социалдык турак-жай долбоорунун бет ачарын жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборунда республика тарыхындагы эң чоң социалдык турак жай долбоорун тааныштырды.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз өлкөбүздүн бардык жеринде жүз миңдеген жаңы социалдык турак жайларды, турак жай аянтчаларын жана жумуш орундарын куруу процессин баштайбыз»,-деди.

Президент Эрдоган Түркияны ар тармакта болгондой турак-жай өндүрүшүндө да кылымдарды карыткан кызматтар, чыгармалар жана долбоорлор менен өркүндөткөндөрүн айтты.

«Биз замандын бардык муктаждыктары менен жабдылган гигант ооруканаларды, он миңдеген жумуш орундарын, миңдеген коомдук имараттарды, европалык стандарттардан жогору стадиондорду, жүздөгөн социалдык жана маданий объектилерди элибизге ар кыл катмары үчүн алып келдик»,-деп айткан Президент: «Биздин максат эң көп дегенде 2 жылдын ичинде биринчи этаптагы турак жайларды бүтүрүп, аларды укуктуу жарандарыбызга тапшыруу. Бул кампания саны жана сапаты боюнча дүйнөдөгү эң чоң турак жай инвестициясын билдирет»,-деди.

Эрдоган социалдык турак жай проектисинин алкагындагы үйлөрдүн 50 миңинин Стамбулда, 18 миңинин Анкарада жана 12 миң 500үнүн Измирде курула турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар