Түркиянын тынчтыкка карай аракети китеп болуп басылды

Китеп "Тынчтык дүйнөсүн куруудагы глобалдык лидерлик", "Түркиянын согушка каршы туруму", "Диалог каналдарын ачык кармоо", "Гуманитардык жана ишкердик дипломатия" деген 4 бөлүктөн турат.

1878823
Түркиянын тынчтыкка карай аракети китеп болуп басылды

24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда Түркиянын тынчтыкка карай аракети китеп болуп жарыяланды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «Түркиянын ырааттуулукка кошкон салымы: Тынчтык үчүн көп өлчөмдүү дипломатия» аттуу китепте Түркиянын Орусия-Украина согушунда тынчтыкка карай аракеттери тууралуу президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде Түркиянын кризисти токтотуу жана аймактык ырааттуулукту камсыздоого багытталган демилгелерине орун берилген.

Китеп "Тынчтык дүйнөсүн куруудагы глобалдык лидерлик", "Түркиянын согушка каршы туруму", "Диалог каналдарын ачык кармоо", "Гуманитардык жана ишкердик дипломатия" деген 4 бөлүктөн турат.

Китептин биринчи бөлүгүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын Украина жана Орусия, НАТО жана Европа Биримдиги (ЕБ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана Украина-Орусия кризисинин башталышынан бери аймактык актерлор менен болгон тыгыз дипломатиялык иш-аракети берилген.

Китепте президент Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң» жана «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» деген риторикасынын негизинде глобалдык коопсуздук архитектурасында жөнгө салынышы керектиги баса белгиленген.

Түркиянын согуштун алдын алуу аракеттери талкууланган экинчи бөлүмдө Украинанын жеринин бүтүндүгү алкагында жасалган дипломатиялык демилгелер жана ок атышпоо чакырыгы кеңири каралат.

Түркиянын Украина-Орусия кризисинде диалог каналдарын ачык кармоодогу ролу баяндалган үчүнчү бөлүмдө Түркиянын Украина менен Орусиянын ортосундагы тең салмактуулук фактору катары позициясына көңүл бурулууда.

Түркиянын эки өлкө менен диалогду уланта алган сейрек мамлекеттердин бири экени белгиленген китепте Түркиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүндө конок болушунун маанисине ушул контекстте көңүл бурулган.

Китептин акыркы бөлүгүндө Түркиянын адамдарды борборго койгон дипломатия түшүнүгүнө басым жасалат.

Түркиянын кризистин башталышынан бери жарандык элементтердин корголушу, Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү, Түркиянын кагылыш болгон аймактардагы гуманитардык коридорлорду ачык кармоо аракети, Түркиянын Кара деңиздин коопсуздугун камсыз кылуу жана эгин коридорунун ачылышындагы алдыңкы ролун баса белгилейт.

Китепте Украинанын талкаланган инфраструктурасын кайра куруу аракеттери жана Түркиянын тынчтык жана ырааттуулукка багытталган элдик дипломатия иш-аракеттери да орун алган.

Түрк жана англис тилдеринде даярдалган китептин кириш текстин президент Режеп Тайып Эрдоган жазган.



Тектеш кабарлар