Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Пакистандагы сел апаатына байланыштуу акыркы абал жана Түркиянын жардам иш-аракеттери каралды.

1878475
Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Пакистандагы сел апаатына байланыштуу акыркы абал жана Түркиянын жардам иш-аракеттери каралды.

Анда президент Эрдоган Пакистандын сел апаатына каршы күрөшүн жакындан байкаганын, бир туугандык карым-катнаштар талап кылган колдоону көрсөтүү үчүн Түркия катары мобилизациялангандарын айтты.

Түрк элинин пакистандык боордошторунун жанында экенин белгилеген президент Эрдоган, Пакистандын калыбына келиши үчүн колдон келген аракетин уланта тургандарын айтты.

Пакистандын премьер-министри Шариф түрк мамлекетине жана элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар