Эрдоган: «Эгин ташууда Путин туура айткан маселелер бар»

Президент Эрдоган, сапарда жүргөн Хорватиянын борбор шаары Загребде кесиптеши Зоран Миланович менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1877634
Эрдоган: «Эгин ташууда Путин туура айткан маселелер бар»
erdogan hirvatistan1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путиндин эгин ташууда туура айткан маселелер бар экенин айтты.

Президент Эрдоган, сапарда жүргөн Хорватиянын борбор шаары Загребде кесиптеши Зоран Миланович менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштарды бардык өлчөмдө талкуулагандарын белгилеген Эрдоган, аймактагы окуялар жана 24-февралда башталган Орусия-Украина согушу тууралуу пикир алмашкандарын айтты.

Украина портторунан эгин ташууларына токтолгон Эрдоган, азырынча Орусиядан эгин ташуу болбогонун, бирок Түркиянын Орусиядан да эгин ташуунун башталышын каалап жатканын айтты.

Орус президенти Путиндин эгин ташууларына байланыштуу бир маселеде туура экенин баса белгилеген Эрдоган: «Бул дан ташуу менен келген дан тилекке каршы бай өлкөлөргө кетип жатат. Жакыр өлкөлөргө эмес. Мунун негизги темасы эмнеде? Бул данды бул жерден жакыр өлкөлөргө ташууну жүргүзүү жана аны улантуу. Эми бир тараптан Орусияга каршы санкциялар күчөп турганда, бул санкцияларды ойлоп тапкан жана бул санкцияларды киргизген өлкөлөргө дан эгиндерин ташуунун болуп жатышы Путин мырзаны да тынчсыздандырууда»,-деп айтты.

Өзбекстандын Самарканд шаарында (15-16-сентябрь) боло турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде Путин менен бул маселелерди талкуулай тургандарын билдирген президент: «Биз Орусиядан ташууну баштайбыз жана бул данды чындап эле жакыр өлкөлөргө жеткиребиз деген үмүтүбүз бар»,-деди.

Президент Эрдоган кийин Сисактагы Ислам маданият борборунун ачылыш аземине катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Хорватиянын мусулмандарга берилген эркиндик, урмат-сый жана тынчтык жагынан Европада үлгү болгон өлкөлөрдүн арасында экенин белгилеп: «Бул эркиндик жана тынчтык атмосферасы бир гана мусулман бир туугандарыбызга эмес, башка диндерге жана маданияттарга да тиешелүү экендиги талашсыз. Мына бүгүн биз ачкан Сисак Ислам маданий борбору Хорватиянын үлгү болуучу позициясынын жана Сисак шаарынын көп маданияттуу түзүлүшүнүн  символдорунун бири катары жашайт»,-деп айтты.

Жолугушууларынын алкагында Түркия-Хорватия бизнес форумуна катышкан Эрдоган Загребдеги Ватан эстелигине да гүлчамбар койду.



Тектеш кабарлар