Алтун Японияда панелдик жыйын өткөрдү

Панелдик жыйын, Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтундун видео кайрылуусу менен башталды.

1877649
Алтун Японияда панелдик жыйын өткөрдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Орусиянын Украинага кол салууларында БУУнун айласыздыктын үлгүсүн көрсөткөнүн айтты.

Фахреттин Алтун Японияда «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин реформасы: Эл аралык тартипти кайрадан түзүүгө карата мамиле» аттуу панелдик жыйын өткөрдү.

Панелдик жыйын, Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтундун видео кайрылуусу менен башталды.

Алтун БУУнун өзгөчө Кансыз согуштан кийинки мезгилдеги чоң гуманитардык апааттарды алдын алуу үчүн конкреттүү чечимдерди иштеп чыга албаганын, тынчтык менен коопсуздуктун сакталышында таасирдүү роль ойной албаганын баса белгиледи.

"Мурда Босния-Герцеговина, Руанда, Сирия жана Косоводо болгон адамдык трагедияны болтурбай коюуга алсыз болгон уюм жакында эле Орусиянын Украинага жасаган кол салууларында ушундай эле айласыздыктын үлгүсүн көрсөттү"- деген Алтун, тынчтык жана коопсуздукту коргоо үчүн түзүлгөн БУУнун мындан ары бул темада эл аралык коомчулуктун күтүүлөрүн актай албасына көңүл бурду.

Алтун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул адилетсиз жана ачык эмес түзүмүнүн өзгөртүлүшү, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту дагы да эффективдүү коргоо үчүн жаңы БУУнун долбоорлонушу керектигин баса белгиледи.

Адилеттүү жана туруктуу глобалдык тынчтыкты камсыз кылуу үчүн көп маданияттуулукту чагылдырган БУУга муктаждык бар экенин айткан Фахреттин Алтун: "Дүйнө беш мамлекеттен чоң. Көп полярдуу, көп борборлуу, көп маданияттуу, инклюзивдик жана адилеттүү дүйнөнү курууга болот",- деди.



Тектеш кабарлар