Чавушоглу: «Франциядагы түрк жана мусулман коомчулугунун коопсуздугун камсыздоону күтөбүз»

Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна менен министрлик имаратында биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1876220
Чавушоглу: «Франциядагы түрк жана мусулман коомчулугунун коопсуздугун камсыздоону күтөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Франциядагы түрк жана мусулман коомчулугунун мечиттеринин жана бирикмелеринин коопсуздугу үчүн бардык керектүү чараларды көрүүнү күтөбүз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна менен министрлик имаратында биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Түркия менен Франциянын саясий, экономикалык жана маданий тармактарда тарыхый карым-катнаштары бар эки өлкө экенин белгилеген Чавушоглу, француз кесиптеши менен болгон жолугушууда аймактык жана глобалдык кыйынчылыктарга каршы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашкандарын айтты.

Министр Чавушоглу Францияда жашаган түрктөрдүн Түркия менен болгон карым-катнаштарын улантуу менен бирге француз коомуна эң жакшы түрдө ыңгайлашуусун каалашкандарын белгилеп, Франциянын аларды жеңилдетүү жана шыктандыруу үчүн кадам таштоосу маанилүү экенин айтты.

Франциянын түрк коомуна тиешелүү темаларда акыл-эстүүлүгүн сактай турганына ишенгенин белгилеген Чавушоглу: «Тилекке каршы, Европада расизм менен антиисламизмдин күчөшү баарыбызды тынчсыздандырууда. Расизмге жана ар кандай фобияга, исламофобияга, антисемитизмге же христиан душмандыгына, экстремизмге каршы күрөштү биргелешип улантуу биз үчүн пайдалуу болот»,-деп айтты.

Өзгөчө борбордук саясатчылардын өз кызыкчылыгы үчүн айткан сөздөрү келечекке болгон тынчсызданууну арттырганын белгилеген Мевлүт Чавушоглу: «Франциядагы түрк жана мусулман коомчулугунун мечиттеринин жана бирикмелеринин коопсуздугу үчүн бардык керектүү чараларды көрүүнү күтөбүз»,-деп баса белгиледи.

Франциянын тышкы иштер министри Колонна болсо: «Бизде маал-маалы менен ар кандай анализдер болушу мүмкүн. Бул мезгил-мезгили менен болушу мүмкүн. Бирок бул дайыма эле боло бербейт. Биз да маал-маалы менен бирдей анализдерди да жүргүзүп турабыз. Андыктан макулдашылган маселелердин санын көбөйтөлү жана мезгил-мезгили менен пикир келишпестиктерибиз болсо да буларды сүйлөшүп талкуулайлы»,-деди.



Тектеш кабарлар