Сойлу Шырнактагы операция жөнүндө маалымат бөлүштү

Бул тууралуу ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык медиа баракчасынан маалымат берди.

1875309
Сойлу Шырнактагы операция жөнүндө маалымат бөлүштү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Шырнактын Фарашин платосунда жикчил террордук уюм ПККдан 3 террористтин жок кылынганын билдирди.

Сойлу социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө, Эрен блокада-27 операциясынын алкагында Жандармериянын атайын операциялары (JÖH) жана десанттар тарабынан Шырнактын Фарашин платосунун элет жеринде операция жүргүзүлгөнүн айтты.

Министр Сойлу J-SİHA (Жандармериянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараты) жана Аба күчтөрүнүн колдоосу менен 3 террористтин жок кылынганын белгиледи.



Тектеш кабарлар