Ирактагы окуялар Түркияны тынчсыздандырууда

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1873683
Ирактагы окуялар Түркияны тынчсыздандырууда

Түркия Багдаддагы митингдерге байланыштуу чыңалууга тынчсызданганын кабарлады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Багдадда көптөн бери болуп жаткан окуялар өлкөнүн ырааттуулугуна, биримдигине жана коопсуздугуна коркунуч жаратты. Дос жана боордош Ирактын туруктуулугу жана коопсуздугу Түркия үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан чыңалуунун өлкө боюнча жайылышына тынчсызданып жатабыз»,-деп айтылды.

Билдирүүдө, бардык тараптар акыл-эстүүлүккө жана сабырдуулукка чакырылып: «Учурдагы саясий чыр-чатактар ​​тынчтык жолу жана кеңири диалог аркылуу чечилип, Ирак элинин тынчтыгы жана бакубаттуулугу камсыз кылынат деп үмүттөнөбүз»,- деген сөздөр камтылды.

Бир тараптан Тышкы иштер министрлиги Багдаддагы нааразылык акцияларынан улам шаарга саякат эскертүүсүн жарыялады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Багдаддагы коопсуздук абалынын начарлашы эске алынып, жарандарыбызга милдеттүү абалдардан тышкары бул шаарга баруудан баш тартуу сунушталат»,-деп айтылды.

Иракта былтыр өткөрүлгөн жалпы шайлоонун жеңүүчүсү Садр кыймылынын лидери Муктада эс-Садр кечээ социалдык медиа баракчасынан жасаган билдирүүсүндө «саясаттан толугу менен кеткенин» жарыялаган эле.

Садрдын тарапкерлери да борбор калаада өкмөттүк имараттар жана чет элдик өкүлчүлүктөр жайгашкан Жашыл аймактагы Өкмөт сарайынын алдына чогулуп, өкмөткө каршылык көрсөтүшкөн.

Көрүлгөн коопсуздук чараларына карабай бетон тосмолорду бузуп, өкмөт сарайынын алдына чогулган Садрды колдогон топ өкмөт өкүлдөрүн кызматтан кетүүгө чакырган.

Буга байланыштуу Садрдын жактоочуларынын акциясынан улам Багдадда коменданттык саат киргизилген.  



Тектеш кабарлар