Түркия Ливиядагы тараптарды тынчтыкка чакырды

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Ливияда карапайым калктын өлүмүнө себеп болгон жаңжалдардын чоң тынчсыздануу менен байкалганы белгиленди.

1873059
Түркия Ливиядагы тараптарды тынчтыкка чакырды

Ливиядагы карапайым калктын да өлүмүнө себеп болгон кагылышуулардын чоң тынчсыздануу менен байкалганын баса белгилеген Түркия тараптарды «чатакты тез арада токтотууга» чакырды.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Ливияда карапайым калктын өлүмүнө себеп болгон жаңжалдардын чоң тынчсыздануу менен байкалганы белгиленди.

Билдирүүдө, Ливияда чоң аракеттер менен талаада түзүлгөн тынчтыктын сакталышынын Ливиянын коопсуздугу, ырааттуулугу жана келечеги үчүн өтө маанилүү экени белгиленип: «Биз тараптарды бири-бирин түшүнүү менен иш-аракет кылууга, сабырдуулукка жана акыл-эстүү болууга жана чыр-чатакты токтоосуз токтотууга чакырабыз»,делди.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген: «Зордук-зомбулуктун күчөшү ошондой эле Ливия элинин туруктуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү чечкиндүүлүгүнө жана саясий процессти, өзгөчө шайлоолорду өткөрүүгө болгон көз карашына шек келтирет. Ушуга байланыштуу биз тараптардын курал-жарактарын басууну жана көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык жолу менен чечүүгө көңүл буруусун күтөбүз»,-деп айтылды.

Түркиянын Ливиянын туруктуу ырааттуулугу, жыргалчылыгы жана коопсуздугу үчүн Ливия калкынын каалоо жана күтүүлөрүнүн алкагында мүмкүн болушунча тез арада адилет, эркин жана жалпы улуттук шайлоо өткөрүүнү маанилүү деп эсептегени белгиленген билдирүүдө, «Бул контекстте , БУУнун көмөктөшүүсү боюнча укуктук инфраструктуралык иштерди тез арада бүтүрүү талап кылынат»,деген баа берилди.

Түркиянын ушул убакка чейин жасагандай эле бул максаттары үчүн ливиялык бир туугандарынын жанында экени баса белгиленген билдирүүдө, туруктуу тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн ар түрдүү колдоонун улана турганы баса белгиленди.

Ливиянын борбор шаары Триполиде кечээ эртең менен өлкөнүн батышында операция жүргүзгөн эки топтун ортосунда чыккан кагылышууда 23 кишинин каза болгону, 140 кишинин жараланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар