RND: «Эрдоган жакын арада боло турган согуш коркунучун ачык көргөн лидер»

RND сайтындагы комментарийде Эрдогандын Украинанын Львов шаарында БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш жана Зеленский менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында согуштун акыры сүйлөшүү үстөлүндө бүтөөрүнө ишенгенинин айтканы белгиленди.

1870476
RND: «Эрдоган жакын арада боло турган согуш коркунучун ачык көргөн лидер»

Германиянын медиа мекемеси RedaktionsNetzwerk Deutschland (RND) президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш коркунучун алдын ала көргөнүн жана ортомчулук сунуш кылганын эске салып:«Ошол кезде Батышта аз эле адамдар Орусиянын жакынкы аралыкта басып кирээрине ишенишкен. Бирок Эрдоган жакын арада боло турган согуш коркунучун ачык көргөн»,-деп жазды.

RND сайтындагы комментарийде президент Эрдогандын Украинанын Львов шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында согуштун акыры сүйлөшүү үстөлүндө бүтөөрүнө ишенгенин айтканы белгиленди.

Комментарийде Орусия былтыр күзүндө Украина менен чек арага өз аскерлерин алып келгенде, Эрдоган ортомчулук кылууну сунуштап, жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууну эскерткени айтылат.

Эрдоган Зеленский жана (Орусиянын президенти Владимир) Путин менен жакшы жеке байланышы бар саналуу гана чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчыларынын арасында болгонун белгилеп, «Түркия Украинага учкучсуз учактарды берип жатат. Бирок ошол эле учурда Түркия Орусияга каршы Батыштын санкцияларын колдонбогон НАТОнун жалгыз өлкөсү»,- деп айтылган.

Президент Эрдогандын Москва менен жакшы байланышы бар экенине көңүл буруп, Путин акыркы айларда Түркиянын президентиндей батыштык бир дагы саясатчы менен жолукпаганын белгилеп,«Экономикалык тыгыз байланыштар бар. Өткөн жылы Түркия мунай импортунун төрттөн бирин жана жаратылыш газына болгон муктаждыгынын жарымын Орусиядан сатып алды. Кошумчалай кетсек, Орусиянын «Росатом» мамлекеттик компаниясы Түркиянын Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Мерсинге жакын жерде биринчи атомдук электр станциясын куруп жатат. Орусия экспорт рыногу жана түрк туризми үчүн да маанилүү ролду ойнойт»,деген маалыматтар камтылган.

Комментарийде Эрдогандын акыркы айларда согуштун эки тарабын тең үстөлгө тартуу үчүн тынымсыз аракет кылганы да белгиленди.



Тектеш кабарлар