Президент Эрдоган Львов шаарында пресс - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Бардык маселе сүйлөшүү столуна барган эң кыска жана адилеттүү жолду аныктоо",- деп ортомчулук ролду ойногонго даяр экендерин билдирди.

1869822
Президент Эрдоган Львов шаарында пресс  -  жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "(Украина  -  Россия согушу)  Бардык маселе сүйлөшүү столуна барган эң кыска жана адилеттүү жолду аныктоо",- деп ортомчулук ролду ойногонго даяр экендерин билдирди. 

Президент Эрдоган иш алып баруу сапары менен барган Украинанын Львов шаарында кесиптеши Владимир Зеленский жана БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш менен өткөргөн үч тараптуу сүйлөшүүдөн кийин пресс  - жыйында сөз сүйлөдү. Эрдоган : "Стамбулда  (март айындагы тараптардын сүйлөшүүлөрүндө) калыптанган параметрлердин негизинде сүйлөшүүлөрдү жандандыруу максатына карата  ортомчу ролун ойноого даярбыз», - деди
Бардык маселенин сүйлөшүү столуна барган эң кыска жана адилеттүү жолду аныктоо экендигин баса белгилеген Эрдоган дипломатиялык процесстин жандандырылышы үчүн эл аралык коомчулуктун колдоо беришинин маанисин белгилеп согуштун сүйлөшүү столунда бүтөрүнө ишенгендигин айтты. 

Президент Эрдоган өзгөчө : "Запорожье атомдук станциясынын айланасында уланып жаткан кагылышуулардан улам тынчсызданууларыбызды билдирдик. Жаңы бир Чернобыль  окуясун баштан өткөрүүнү каалабайбыз",- деди. 

Ошол эле учурда Украинанын президенти Зеленский президент Эрдоган менен өткөргөн пресс  - жыйындан мурда  өткөргөн эки тараптуу жолугушуулардан кийин жазуу түрүндө маалымат берди. Зеленский президент Эрдогандын сапарын күчтүү колдоонун күчтүү билдирүүсү деп мүнөздөп : "Түркия президентинин Украина сапары күчтүү өлкөдөн келген күчтүү колдоо билдирүүсү",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар