Коммуникация башкармалыгы 12 өлкөдө "БУУнун коопсуздук кеңешин реформалоо" боюнча панель өткөрөт

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы 12 өлкөдө «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин реформасы: Эл аралык тартипти кайра курууга мамиле» аттуу панелдик жыйын өткөрөт.

1867603
Коммуникация башкармалыгы 12 өлкөдө "БУУнун коопсуздук кеңешин реформалоо" боюнча панель өткөрөт

Түркия эл аралык системанын кайра жанданышы жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Коопсуздук Кеңешинин кайра түзүлүшү үчүн маалымдуулукту жогорулатууну максат кылууда.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы 12 өлкөдө «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин реформасы: Эл аралык тартипти кайра курууга мамиле» аттуу панелдик жыйын өткөрөт.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, биринчи бөлүгү Италия жана Аргентинада апрель жана июнь айларында өткөрүлгөн панелдик сериянын экинчи этабы 16-августта Франциянын борбор шаары Парижде боло турган панел менен башталат.

Панелдер 18-августта Лондондо (Улуу Британия), 22-августта Ослодо (Норвегия), 24-августта Стокгольмдо (Швеция) жана 26-августта Амстердамда (Нидерландия) уланат.

Бул панелдерден кийин Түштүк Африкада, Германияда, Түштүк Кореяда, Жапонияда, Испанияда жана Орусияда өткөрүлө турган панелдер болот. Акыркы иш-чара сентябрда өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында өткөрүлөт.

Өз тармагында адис болгон жергиликтүү жана чет элдик катышуучулар менен өткөрүлө турган панелдер сериясы менен Түркиянын БУУ реформасына карата саясатын дүйнөлүк масштабда эл аралык коомчулук менен тааныштырууну максат кылууда.

Фахреттин Алтун билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң» деген риторикасы жана «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» аттуу эмгеги менен камтылган Түркиянын БУУ реформасына карата саясатынын эл аралык коомчулукта олуттуу кызыгуу жараттаары белгиледи.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Панель сериялары менен биз эл аралык системаны кайра жандандыруу үчүн маалымдуулукту жогорулатууну жана БУУ өзүнөн мурунку, Улуттар Лигасынын тагдырына дуушар болбошу үчүн жаңы БУУ жана Коопсуздук Кеңешин иштеп чыгууну максат кылабыз»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар