Азезде провокацияга аракет кылган эки киши кармалды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Евфрат калканы операциясы аймагындагы Азезде түрк желегин өрттөөгө аракет кылган киши жана ага жардам берген дагы бир киши кармалганын билдирди.

1867491
Азезде провокацияга аракет кылган эки киши кармалды

Сириянын түндүгүндө түрк желегин өрттөөгө аракет кылган эки киши кармалды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Евфрат калканы операциясы аймагындагы Азезде түрк желегин өрттөөгө аракет кылган киши жана ага жардам берген дагы бир киши кармалганын билдирди.

Сойлу социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө,«Евфрат калканы операциясы аймагында чагымчылдык жана провокация максатында Азезде даңктуу желегибизди өрттөөгө аракет кылган адам жана ага жардам берген дагы бир адам Коопсуздук чалгындоочуларынын, Килистин ИИМ жана Азездин Аскердик шуртасынын биргелешкен операциясында кармалды»,деген маалыматты бөлүштү.

Министр Сойлу башка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо аракеттеринин уланып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар