Сойлу жана сириялык оппозициячылдардан тилектештик билдирүүсү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Түркиянын Сирия режими жана  ПКК/ЙПГ/ПЙДнын  зулумчулугуна кабылган элди эч качан таштабаганын жана таштабай  турганын айтты.

1867370
Сойлу жана  сириялык  оппозициячылдардан тилектештик билдирүүсү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Түркиянын Сирия режими жана  ПКК/ЙПГ/ПЙДнын  зулумчулугуна кабылган элди эч качан таштабаганын жана таштабай  турганын айтты.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу соцтармактан берген маалыматта өзү эч айтпаган бир сөздүн Сириянын түндүгүндө соцтармак аркылуу жайылтылууга аракет кылынгандыгын белгиледи. Министр Сойлу провокациянын артындагы күчтөргө көңүлдөрдү буруп : "Бул проектинин артында ПКК/ПЙД, Cирия демократиялык күчтөрүнүн режими жана албетте провокаторлор бар",- деди. 

Түркиянын Сирия режими жана ПЙДнын зулумучулугу астындагы адамдарды эч качан жалгыз калтырбагандыгын айткан министр Сойлу : "Түркия адамкерчилигин, достугун, коңшулугун сактайт",- деди. 

Сирия Улуттук Армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да Сириянын түндүгүндөгү провокацияларга көңүл бурулуп, чектен чыккандардын жоопко тартылары билирилди.

Сирия Улуттук Армиясы СМОнун 2 - корпусунун Хамза атайын күчтөрүнүн башкы командири Сейф Эбубекир да Твиттерден берген билдирүүсүндө Сирия убактылуу өкмөтүндө жергиликтүү парламенттерде СМО аскердик штабдарында жана террордон тазаланган бардык көчөлөрдө  шаңдуу түрк желегин көрүүнү улантышарын билдирди. 

Сирия Убактылуу өкмөтүнүн коргоо министрлигинен берилген маалыматта да : "Айрым  бөлүктөр Сирия жана түрк калктарынын ортосундагы боордоштук байланыштарын өз кызыкчылыктары үчүн туруксуздаштырууну максат кылууда",- деп билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар