Алтун: "Санариптик терроризм улуттук коопсуздук маселеси болуп эсептелет"

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Жаңы медиа жана санариптик терроризм семинарында сөз сүйлөдү.

1866196
Алтун: "Санариптик терроризм улуттук коопсуздук маселеси болуп эсептелет"

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун санариптик чөйрөлөрдөгү кылмыштарга, санариптик терроризмге жана жалган маалыматтарга каршы чара көрүүнүн зарыл экенин айтты.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Жаңы медиа жана санариптик терроризм семинарында сөз сүйлөдү.

Санариптик дүйнөдөгү жалган кабарлардын жана жалган маалыматтардын жайылышын алдын алуу үчүн чара көрүү керектигин айткан Алтун, эл аралык изилдөөлөргө караганда Түркиянын дүйнөдө дезинформацияга эң көп дуушар болгон өлкө экенин баса белгиледи.

Террордук уюмдардын санариптик чөйрөлөрдө үгүт иштерин жүргүзгөндөрүн эске салган Алтун: «Түркия ПКК/ЙПГ жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) сыяктуу террордук уюмдардын бир гана физикалык кол салуулары менен эмес дезинформациялык кол салуулары менен да бутага алынган жана бутага алынууда. Террордук уюмдарга колдоо көрсөткөн баракчалар социалдык медиа платформаларында системалуу түрдө өлкөбүзгө каршы жалган маалымат жарыялоо менен жергиликтүү жана чет элдик коомдук пикирди Түркияга каршы мобилизациялоого аракет кылууда»,-деди.

Алтун жаңы медиа жана санариптештирүүнүн террордук уюмдардын билдирүүлөрүнүн ылдам жайылуусу үчүн чөйрөнү камсыздаганын белгилеп: «Бардык өлкөлөр бул тармактагы коркунучтар менен күрөшүү үчүн укуктук жана институттук инфраструктураларын бекемдеп жатканда, Түркия катары биздин мындан артта калышыбыз албетте ойго да келбейт»,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Санариптик терроризмдин да улуттук коопсуздук маселеси экенин эстен чыгарбоо керек. Ар бир мамлекет санариптик дүйнөдөгү коркунучтарга каршы керектүү коргонуу жана алдын алуу механизмдерин ишке ашырышы зарыл»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар