Түркия Грециянын жаңы муфтийлик мыйзамына каршы

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта муфтийликтин иштешине байланыштуу Греция парламентинде бекитилген жаңы мыйзамдык жобонун Батыш Фракия түрк азчылыгынын (БФTA) укук жана эркиндиктерин дагы бир жолу тебелегени белгиленди.

1863560
Түркия Грециянын жаңы муфтийлик мыйзамына каршы

Грециянын жаңы муфтийлик мыйзамына Түркиядан каршы чыгуу...

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта муфтийликтин иштешине байланыштуу Греция парламентинде бекитилген жаңы мыйзамдык жобонун Батыш Фракия түрк азчылыгынын (БФTA) укук жана эркиндиктерин дагы бир жолу тебелегени белгиленди.

Билдирүүдө Грециянын Батыш Фракиядагы муфтияттар үчүн кабыл алынган мыйзамдуу тартип менен Батыш Фракия түрк азчылыгынын эл аралык келишимдер, өзгөчө Лозанна тынчтык келишими менен кепилдикке алынган укук жана эркиндиктерин дагы бир жолу бузганы белгиленди.

Билдирүүдө Батыш Фракия түрк азчылыгынын өкүлдөрү менен кеңешилбей даярдалган аталган мыйзамдык жобонун Батыш Фракия Түрк азчылыгынын өз алдынча шайланган муфтийлерин дагы бир жолу көрмөксөнгө салганы, демек дин эркиндигин жана эркиндикти эске албаганы белгиленген. Сөз болгон мыйзамдык жобо тууралуу Батыш Фракия түрк азчылыгынын Кеңешүү тобунун кечээки билдирүүсү толугу менен колдоого алынганы баса белгиленди.

Билдирүүдө Лозанна Тынчтык келишиминин 40-беренесинин Батыш Фракия түрк азчылыгына өздөрүнүн диний, билим берүү жана кайрымдуулук-коомдук мекемелерин түзүү, башкаруу жана көзөмөлдөө укугун бергени эске салынып, ал эми Грециянын Келишимдик милдеттенмелери боюнча бул укуктун бузулушуна каршы мурда Адам укуктары боюнча Европа Сотунда болгон чечимдери менен катталгандыгы баса белгиленген.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген:«Греция БФTAга муфтийди шайлоодо, башкарууда жана структуралаштырууда керектүү колдоо жана ыңгайлуулукту камсыздап бериши керек болсо да, БФTAнын эркине каршы муфтиятты өз көзөмөлүнө алуу аракети кабыл алынгыс.

Греция бул мыйзамдык тартип менен мекендештерибиздин эл аралык келишимдер тарабынан кепилденген диний укук жана эркиндиктерин тебелеп-тепсөөнү улантып, муфтият мекемесин Греция мамлекетинин көзөмөлүндөгү бир түзүлүшкө айландырууга аракет кылууда. Түркия өз өлкөсүндөгү мусулман эмес азчылыктардын диний мекемелеринин иштешине жана алардын лидерлеринин шайланышына мындай репрессиялык мыйзамдар жана ишке ашыруулар менен кийлигишкен жери жок.

Грецияны дагы бир жолу эл аралык укукту урматтоого, Лозанна тынчтык келишиминен жана башка тиешелүү келишимдерден келип чыккан келишимдик милдеттенмелерин аткарууга, БФTAга каршы кысым жана коркутуу саясаттарын токтотууга чакырабыз».

Билдирүүдө Түркиянын ушул убакка чейин болгон сыяктуу мекендештеринин укук жана эркиндиктеринин жакын жолдоочусу боло турганы баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар