Боздаг: «Түркия бул өлкөлөрдөн талап кылган террористтерге байланыштуу азырынча жооп ала элек»

Адилет министри Бекир Боздаг күн тартиби боюнча бир гезитке маалымат берди.

1863595
Боздаг: «Түркия бул өлкөлөрдөн талап кылган террористтерге байланыштуу азырынча жооп ала элек»

Адилет министри Бекир Боздаг, Швеция менен Финляндиядан, Түркиянын бул өлкөлөрдөн талап кылган террористтерге байланыштуу азырынча жооп ала электигин айтты.

Күн тартиби боюнча бир гезитке маалымат берген Бекир Боздаг, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн кабыл алуу үчүн Түркияга берген убадаларын азырынча аткара электигин жана 33 террористти өткөрүп берүү талабында эч кандай жылыш болбогонун айтты.

Боздаг мындай деди: «Түркиянын буга чейин жалпы 33 террористке карата талаптары бар болчу. Бул талаптардын бир бөлүгүн жаңыртып, жаңы талаптарды аларга жеткирдик, бирок биз ушул убакка чейин расмий жооп ала элекпиз. Ошондуктан бул процессте Швеция жана Финляндия өкмөттөрүн байкайбыз. Эгер убадаларын сактап калышса, бул эң сонун. Швеция менен Финляндия, Германия жана Франциянын баары ПККнын да, ФЕТӨнүн да инкубаторлору. Бир тараптан полициянын көзөмөлү жана коргоосу астында бардык иш-аракеттерин коопсуз түрдө жүргүзүүгө уруксат беришет. Экинчи жагынан, алар террорчуларды жалдоо жана окутууларды көрмөксөнгө салып жатышат. Бир тараптан, алар көптөгөн курал-жарактарды берип колдоо көрсөтүшүүдө. Эгер Швеция менен Финляндиянын өкмөттөрү НАТОго мүчө болуу убадаларын аткарышса, Түркия убадасын аткарат жана процессти бүтүрүү үчүн керектүү кадамды ташташат, бирок жасабаса Түркия бул темада сөзүндө турат жана керектүү кадамды таштабайт»,-деди.



Тектеш кабарлар