Түркия Пакистанга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1856586
Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия Пакистандагы кеме кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Пакистандын Пенжаб шаарындагы Инд дарыясында кеменин оодарылышынын натыйжасында көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганын билүү бизди терең кайгыга салды» деген сөздөр камтылды. 

Билдирүүдө кырсыктан каза болгондорго Аллахтан ырайым, дос жана боордош Пакистан эли менен өкмөтүнө көңүл айтылды.

Рахим Яр Хан шаарынын жетекчилери кечээ үйлөнүү үлпөтүнөн кайтып келе жаткан 100 кишини ташыган кеменин оодарылып кетишинен 19 аялдын каза болгонун жана көп сандаган кишинин дайынсыз жоголгонун кабарлаган.



Тектеш кабарлар