Түркия Британияга миграция боюнча каршы чыкты

Басма сөз катчысы Билгич, Англиянын тышкы иштер министри Трасска шилтеме жасап, Англия басма сөзүндө Түркияга байланыштуу айтылган дооматтар тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1855745
Түркия Британияга миграция боюнча каршы чыкты

Түркия бардык өлкөлөрдү миграция боюнча бирдей жоопкерчиликти алууга чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, элчи Танжу Билгич, Англиянын тышкы иштер министри Лиз Трасстын өлкөсү Руанда менен түзгөн ушундай эле качкын келишимин Түркия менен да түзүүнү талап кыла турганы тууралуу кабарга байланыштуу: «Биз бардык өлкөлөрдү эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана миграция боюнча бирдей жоопкерчиликти алууга чакырабыз»,-деди.

Басма сөз катчысы Билгич, Англиянын тышкы иштер министри Трасска шилтеме жасап, Англия басма сөзүндө Түркияга байланыштуу айтылган дооматтар тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Британ басма сөзүндө Трасс премьер-министр болуп калса өлкөсү Руанда менен түзгөн ушундай эле качкын келишимин Түркия менен да түзүлүшүн талап кыла турганы тууралуу кабарлар чыкканын белгилеген Билгич: «Биз урматтуу Трасска шилтеме жасалып басма сөздө орун алган бул дооматтардын негизсиз болушун үмүт кылабыз»,-деди.

Сегиз жылдан бери эң көп баш калкалоочуну кабыл алган Түркиянын үчүнчү өлкөлөрдүн талабы менен дагы чоң жүктү алуусу, андан тышкары башпаанек алуу укугу боюнча эл аралык эрежелерге ылайык башка мамлекеттер менен туура келбеген мамиле жасоосу сөз болбой турганын белгилеген Билгич: «Түркия эч бир өлкөнүн качкындар лагери же чек арачысы болбойт, үчүнчү өлкөлөрдүн эл аралык милдеттенмелерин эч кандай түрдө өз мойнуна албайт. Болгондо да өткөн жылы ооган качкындары тууралуу ушундай кабардан кийин бул позицияны коомчулук менен бөлүштүк. Ушул алкакта биз бардык өлкөлөрдү эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана миграция боюнча бирдей жоопкерчиликти алууга чакырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар