Мевлүт Чавушоглу Индонезияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Мевлүт Чавушоглу эки тараптуу жолугушуулар тууралуу Твиттерден маалымат берди.

1853701
Мевлүт Чавушоглу  Индонезияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
arjantin disisleri bakani santiago cafiero-cavusoglu.jpg
birlesmis milletler bm dunya gida programi (wfp) icra direktoru david beasley-cavusoglu.jpg
fiji basbakani ve disisleri bakani josaia voreqe frank bainimarama-cavusoglu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу чоң жыйырмалардын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Индонезиянын Бали аралына барды жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мевлүт Чавушоглу эки тараптуу жолугушуулар тууралуу Твиттерден маалымат берди.

Фижинин премьер  - министри жана тышкы иштер министри Жосаиа Вореке Франк Байнимарама менен жолукканын белгилеген Чавушоглу климаттын өзгөрүшү темаларын жана Түркия менен Фижинин ортосундагы кызматташтыкты эл аралык платформаларда сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Бисли менен да жолукканын белгилеген Чавушоглу жолугушууда Украинадан дан экспорту жана Сирияга чек ара жардамдары тууралуу талкуулашкандарын айтты.

Министр Чавушоглу Аргентинанын тышкы иштер министри Сантьяго Кафиеро менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу экономикалык карым-катнаштарды жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты сүйлөшкөндөрүн да билдирди.



Тектеш кабарлар