Алтун: "БУУ кайрадан түзүлүшү керек"

Фахреттин Алтун Коммуникация башкармалыгы тарабынан Буэнос-Айресте уюштурулган «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Реформасы: Эл аралык тартиптин кайрадан түзүлүүсүнө жаңы мамиле» аттуу панелдин катышуучуларына видео кайрылуу жасады.

1847813
Алтун: "БУУ кайрадан түзүлүшү керек"

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун БУУнун глобалдык тынчтык, жыргалчылык жана адилеттүүлүк идеалдарынын алкагында «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» чакырыгына ылайык кайра түзүлүшү керектигин айтты.

Фахреттин Алтун Коммуникация башкармалыгы тарабынан Аргентинанын борбор шаары Буэнос-Айресте уюштурулган «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Реформасы: Эл аралык тартиптин кайрадан түзүлүүсүнө жаңы мамиле» аттуу панелдин катышуучуларына видео кайрылуу жасады.

БУУнун Экинчи дүйнөлүк согуш себеп болгон кыйроодон кийин дүйнөдө ушундай деңгээлдеги согуштардын кайталанбашын алдын алуу үчүн 1945-жылы Түркия да мүчөсү болгон 51 мамлекет тарабынан түзүлгөнүн эске салган Алтун, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу жана сактоонун уюмдун эң негизги максаты катары аныкталганын билдирди.

Алтун, мурда Босния-Герцеговина, Руанда, Сирия жана Косоводо болгон адамзаттык трагедиянын алдын алууда алсыз болгон уюмдун Орусиянын Украинага карай уланып жаткан кол салууларында да ушундай эле айласыздык үлгүсүн көрсөткөнүн баса белгиледи.

БУУнун азыркы түзүмү менен глобалдык маселелерге чечим эмес, туюкка учуратканын көп жолу башынан өткөрүшкөндөрүн айткан Алтун: «Согушуп жаткан тараптардын биринин же кризистин тараптарларынын биринин БУУнун туруктуу мүчөсү болушунун процесстерге кантип бөгөт койгонун көрдүк. Бул түзүм менен БУУ алсыз, жабыр тарткан же акталгандардын эмес, беш туруктуу мүчөсүнүн тарабында. БУУ азыркы түзүмү менен куугунтуктоочуга каршы сөзү өтпөйт. Мунун негизги себеби - уюмдун институционалдык түзүмүндөгү көйгөйлөр»,-деп билдирди.

Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту дагы эффективдүү коргоо үчүн жаңы БУУ түзүлүшү керектигин баса белгилеген Алтун: «Урматтуу президентибиз белгилегендей, бүткүл дүйнөнүн тагдырына таасир эте турган маселелерди беш өлкөнүн гана чечиши моралдык да, адилеттүү да эмес. Дүйнө беш мамлекеттен чоң. Көп уюлдуу, көп борборлуу, көп маданияттуу, кеңири камтыган жана адилеттүү дүйнөнү курууга болот. БУУ глобалдык тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана адилеттүүлүк идеалдарынын алкагында «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» чакырыгына ылайык кайра түзүлүшү керек»,-деди.



Тектеш кабарлар