Фатих Бирол Россиянын Европага жаратылыш газ экспортун токтотушу мүмкүн экендигин айтты

Бирол энергетика жана азык  - түлүк кризиси менен дүйнө бетме  - бет келген башка кризистин климат экендигин эске салып, климаттык кризиске себеп болгон секторлордун башында энергетиканын тургандыгын айтты.

1847494
Фатих Бирол  Россиянын Европага жаратылыш газ экспортун токтотушу мүмкүн экендигин айтты

Эл аралык энергетика агенттигинин (IEA) төрагасы Фатих Бирол Россиянын Европага жаратылыш газ экспортун толугу менен токтотушу мүмкүн экенин айтты.

Бирол Стамбулда өткөрүлгөн конференцияда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн глобалдык энергетикалык кризистин ортосунда экенин жана бул кризистен кыска убакытта чыгуу мүмкүн эместей көрүнгөнүн белгиледи.

Бирол согуштун бар экендигин айтып, Европанын энергетика эффективдүүлүгүн  көбөйтүү, башка жаратылыш газ булактарын табуу жана көмүр станцияларын колдонуу сыяктуу кадамдардын маселенин чечилиши үчүн жетиштүү болбой турганын белгиледи.

Ушул себептен Европа өлкөлөрүнүн чукул абалдарда турмушка ашырыла турган жаратылыш газ бөлүштүрүүнү чектөө пландарын даярдоосу керектигин баса белгилеген Бирол : «Бир тараптан Европа Россиядан жаратылыш газды азайтуу үчүн кадамдарды таштап, Россия да Европага жаратылыш газ экспортун толугу менен токтотушу мүмкүн. Мындай ыктымалдык менин оюмча каралууда»,- деди.

Бирол энергетика жана азык  - түлүк кризиси менен дүйнө бетме  - бет келген башка кризистин климат экендигин эске салып, климаттык кризиске себеп болгон секторлордун башында энергетиканын тургандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар