Түркия Ооганстанга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялады.

1846802
Түркия Ооганстанга көңүл айтты

Түркия Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Ооганстандын чыгышында болгон 5,9 баллдык жер титирөөнүн өзгөчө Пактика обулусунда көптөгөн курмандыктарга, жаралууларга жана олуттуу кыйроого алып келишинин катуу капага салганы белгиленди.

Ооганстандагы ишмердүүлүгүн уланткан Кызыл Жарым Ай тарабынан аймактагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардамдардын жөнөтүлгөдүгү маалымдалган билдирүүдө: "Түркия ар дайымкыдай эле жер титирөөдөн жапа чеккен боордош афган элине ар кандай жардамдарды берүүгө даяр. Каза болгондорго Аллахтан ырайым, жакындарына жана боордош ооган элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз" деген сөздөр камтылды.

Ооганстанда болгон жер титирөөдөн 920 кишинин каза болгондугу, 600 кишинин жаракат алгандыгы кабарланган. 



Тектеш кабарлар